Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 29-январы ПЖ № 27
Инвестициялык климатты өнүктүрүү жана тышкы каржылоо булактарына жетүүнү кеңейтүү боюнча айрым чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртуу жана экономикалык субъекттер үчүн эл аралык капитал рынокторуна жетүүнү камсыз кылуу, тышкы каржылоо булактарын диверсификациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын эл аралык эгемендүү облигацияларын кийин эмиссиялоо (чыгаруу жана жайгаштыруу) менен Кыргыз Республикасынын эгемендүү кредиттик рейтингин алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономикалык субъекттер үчүн эл аралык капитал рынокторуна жетүүнү камсыз кылуу, тышкы каржылоо булактарын диверсификациялоо жана алардын көлөмүн көбөйтүү, анын ичинде эл аралык корпоративдик облигациялардын эмиссиясын координациялоо, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды эл аралык капитал рынокторуна чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Ушул Жарлыктын 1, 2-пункттарында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун алкагында процесстерди координациялоо жана көмөк көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Ушул Жарлыктын 1, 2-пункттарында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун алкагында ведомстволор аралык жумушчу топко төмөнкү функциялар жүктөлсүн:
1) мамлекеттик органдардын, эмитенттердин - капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар компаниялардын эл аралык облигацияларды, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону жүзөгө ашыруу;
2) эл аралык облигацияларды, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды эл аралык капитал рынокторуна чыгаруу жана жайгаштыруу процессинде капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар эмитенттер менен өз ара аракеттенүү регламентин бекитүү;
3) эксперттердин, рейтингдик агенттиктердин, финансылык жана юридикалык консультанттардын жана чет өлкөлүк инвесторлордун сунуштамаларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
4) эл аралык облигацияларды, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды эл аралык капитал рынокторуна чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу жана эмитенттерге берүү, ошондой эле купуя мүнөздөгү маалыматтарды ачыкка чыгаруу менен байланышкан маселелерди кароо.
5. Эл аралык облигацияларды, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу процессинде төмөнкүлөр белгиленсин:
1) капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар эмитенттер пландалган чыгаруунун зарыл болгон финансылык мүнөздөмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылууну жөнөтүү аркылуу ведомстволор аралык жумушчу топ менен тиешелүү процесстерди координациялоого милдеттүү;
2) капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар эмитенттер эл аралык облигацияларды, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды эл аралык капитал рынокторуна чыгаруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын экономикасынын макроэкономикалык жана башка көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды берүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу ведомстволор аралык жумушчу топко кайрылууга укуктуу.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) ведомстволор аралык жумушчу топ менен капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар компаниялар тарабынан иш-аракеттерди тийиштүү координациялоону жана макулдашууну камсыз кылсын;
2) ушул Жарлыктын 1, 2-пункттарында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун алкагында ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылсын жана башка зарыл болгон көмөктү көрсөтсүн;
3) алты айлык мөөнөттө эл аралык облигацияларды, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды эл аралык капитал рынокторуна чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
4) бул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Эл аралык облигацияларды, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгарууда процесстерди координациялоо жана көмөк көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын финансы министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы.