Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 25-декабры №9
« Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын жана туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын декабрь айына карата түзүлгөн иш пландарын бекитүү жөнүндө»
Жергиликтүү кеңештин депутаты наамын коомдогу социалдык маанисин, абройун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 06.12.2024-жылдагы №01-25/328 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын Типтүү этика кодекси жөнүндө Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эпеев Акылбек Молдожумаевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I биринчи) шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин Этика кодекси бекитилсин.
2. Этика кодекси менен иш алып баруу жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз жоопкерчилигиме калтырам.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |