АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ VIII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 26-январындагы № 8
Арстанбап айыл аймагында чарба багытындагы эмес жерлерди мүлк салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенттин Кз салык наркын бекитип берүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынан келип түшкөн билдирүүсүн жана Арстанбап айыл Өкмөтүнүн салык бөлүм башчысы И.Султановтун сунушун угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин VIII чакырылыш кезектеги XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Салык Кодексинин 388 беренесинин 1 пунктына ылайык имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн мүлк салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенттин салыктык наркын Кз-1,0 барабар бекитилсин.
2. Арстанбап айыл аймагында Салык Кодексинин 404 беренесинин 4 пунктунда көрсөтүлгөндөй калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенттин салыктык наркы Кз-1,0 өлчөмдө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын айыл Өкмөтүнүн башчысы И.Чолпоновко жана салык бөлумүнүн адистерине жүктөлсүн.0
4. Токтомду көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулукту сактоо.жарандардын укугун,кызыкчылыгын коргоо,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жуктөтүлсүн.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: |
|
Ж.Абдухалилов |