Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 25-декабры №10
« Атай айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планын бекитүү жөнүндө»
Атай айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планы боюнча Атай айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Кураналиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I биринчи) шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планы алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |