Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 25-декабры №11
« Арал айылындагы “Эски стадион” аталып келген 0,84 га жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2024-жылдын 15-ноябрындагы Тогуз-Торо районунун эли менен жолугушуусунда Арал айылынын тургуну С.Каттообековдун президентке ооз эки кайрылуусунун негизинде Тогуз-Торо райондук прокуратурасынан Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.М.Мураталиевке 2024-жылдын 11-декабрындагы №24/125-07-11/1-2-01010 сандуу “Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө” сунуштамасы берилип, сунуштамада Арал айылындагы 0.84 га жер аянтты мамлекеттик менчикке кабыл алынсын деп көрсөтүлгөндүгү боюнча айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайдын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I биринчи) шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы “Эски стадион” аталып келген 0,84 га жер тилкеси Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына, муниципалдык менчикке өтсүн.
2. Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тарабынан тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, мыйзамдаштыруу жана жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Тогуз-Торо филиалынан каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |