Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 10-февралы № 73-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 "Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20-статьяларына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасынын пайдалануусунда турган, Чүй облусу, Сокулук району, Манас айыл аймагы дарегинде жайгашкан № 187 контурдагы аянты 10,9 га (идентификациялык номери 7-08-03-0027-0141) жана № 188 контурдагы аянты 30,8 га (идентификациялык номери 7-08-03-0027-0380) болгон жер участокторун Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жүргүзүү.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |