Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXIX
чакырылышынын 3-сессиясынын
2025-жылдын 24-январындагы № 19
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Архитекрура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун алкагында Кызыл-Суу айыл аймагында жашаган ар бир түтүнгө 8574 сом каралган айыл аймагыбызда жашаган турмуштук оор кылдаалда турган, аз камсыз майыптылугу бар үй-бүлөлөргө ичүүчү сууга 5000 (беш миң) сомго жеңилдик берүү боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Архитекрура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун алкагында Кызыл-Суу айыл аймагында жашаган ар бир түтүнгө 8574 сом каралган айыл аймагыбызда жашаган турмуштук оор кылдаалда турган, аз камсыз майыптылугу бар үй-бүлөлөргө ичүүчү сууга 5000 (беш миң) сомго жеңилдик берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин сунушун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кызыл-Суу айыл аймагында жашаган ар бир түтүнгө 8574 сом каралган айыл аймагыбызда жашаган турмуштук оор кылдаалда турган, аз камсыз майыптылугу бар үй-бүлөлөргө ичүүчү сууга 5000 (беш миң) сомго жеңилдик берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Суу айыл аймагыбызда жашаган турмуштук оор кылдаалда турган, аз камсыз майыптылугу бар үй-бүлөлөрдүн тизмеси боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Е.Кадаева милдетендирилсин. (тизме тиркелет)
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин төрагасы С.Маданбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевга тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева