Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 25-декабры №13
« Арал айылындагы Т.Жээналиев көчөсүндө жайгашкан заправканын тундүк батыш тарабынан 0,10 га жер аянтты балдар ойноочу аянтча уюштурууга берүү жөнүндө»
Атай айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевдин Арал айылындагы Т.Жээналиев көчөсүндө жайгашкан заправканын тундүк батыш тарабынан 0,10 га жер аянтты балдар ойноочу аянтча уюштурууга берүү жөнүндөгү 6.12.2024 № 01-12/3228 сандуу чыгыш катынын негизинде айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайдын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I биринчи) шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Т.Жээналиев көчөсүндө жайгашкан заправканын тундүк батыш тарабынан 0,10 га жер аянтты балдар ойноочу аянтча уюштурууга берилсин.
2. Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тарабынан тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, мыйзамдаштыруу жана жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Тогуз-Торо филиалынан каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |