Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 25-декабры №15
« Атай айыл аймагында сугат жерлер категориясына кирбеген, бирок суугарылып жаткан жерлерди Соку-Таш участкасынан 27 га, Ак-Талаа участкасынан 64,5 га, кайрак жерлерди сугат категориясына которуу жөнүндө»
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Атай айыл аймагында сугат жерлер категориясына кирбеген, бирок суугарылып жаткан жерлерди Соку-Таш участкасынан 27 га, Ак-Талаа участкасынан 64,5 га, кайрак жерлерди сугат категориясына которуу жөнүндөгү 6.12.2024 №01-12/3227 сандуу чыгыш катынын негизинде айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайдын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I биринчи) шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында сугат жерлер категориясына кирбеген, бирок суугарылып жаткан жерлерди Соку-Таш участкасынан 27 га, Ак-Талаа участкасынан 64,5 га, кайрак жерлерди сугат категориясына которуулуп берилсин.
2. Жерлердин категориясын которуу үчүн тиешелүү документтерин даярдоо жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |