Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХIХ
чакырылышынын 3-сессиясынын
2025-жылдын 24-январындагы №20
2025-жылдын 1 январына карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин жана атайын эсептик счетторунун эркин калдыгынын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык, 2025-жылдын 1 январына карата айыл өкмөтүнүн бюджетининжанаатайын эсептик счетторунун эркин калдыктарынын натыйжалуу пайдалануу максатында, бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Казыбековдун эркин калдыктын сметалары жөнүндө маалыматтын угуп жана талкуулап жергиликтүү Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын 1-январына карата эркин калдыгынын чыгыштоолорунун сметасы 15226,0 (он беш миллион эки жүз жыйырма алты миң) сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (сметасы тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнө караштуу“Арча” балдар бакчасынын атайын эсептик счетунда эркин калдыгынын чыгыштоолорунун сметасы 797,2 (жети жүз токсон жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. (смета тиркелет)
3.Айыл өкмөтүнө караштуу “Наристе” балдар бакчасынын атайын эсептик счетунун эркин калдыгынын чыгыштоолорунун сметасы 697,6 (алты жүз токсон жети миң алты жүз) сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (смета тиркелет)
4. Айыл өкмөтүнө караштуу “Нур” балдар бакчасынын атайын эсептик счетунун эркин калдыгынын чыгыштоолорунун сметасы 983,5 (тогуз жүз сексен үч миң беш жүз) сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын атайын эсептик счетунун калдыгынын чыгыштоолорунун сметасы 2,8 (эки миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.КызылСуу айыл өкмөтүнү башчысы Т.Иманбаевге жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын чыгымдоолорду бекитилген сметалар боюнча иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
Төрайым Г.Чыныбаева