Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 1-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 29-январы №1/4
Казыбек айыл аймагында “Жаңы-Күч-Казыбек айылдарынын айыл аралык жолундагы ”Кара-Коюн дарыясына салынган көпүрө жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин көрсөтмөсүнө ылайык, “Кара-Коюн” көпүрөсүнө Казыбек айылынын тургуну Абылов Кубанычбек Өскөналиевичтин ысмы ыйгарылуусуна Казыбек айылдык Кеңешинин макулдугу берилсин.
2. Казыбек айыл аймагында “Жаңы-Күч-Казыбек айылдарынын айыл аралык жолундагы ”Кара-Коюн дарыясына салынган көпүрө мындан ары “Абылов Кубанычбек Өскөналиевич”атындагы көпүрө деп таанылсын.
3. Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Төрага | Э. Султаналиев |