Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 25-декабры №16
« Мунапыска кирген Арал айылындагы Чоң-Терек, ЛСП, Тескей, Токой-1, Токой -2, Атай айылынан Карл Маркс участкасынан тиешелүү документтери даяр болгон 31 түтүндү райондук комиссияга тизмесин бекитип берүү жөнүндө»
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин мунапыска кирген Арал айылындагы Чоң-Терек, ЛСП, Тескей, Токой-1, Токой -2, Атай айылынан Карл Маркс участкасынан тиешелүү документтери даяр болгон 31 түтүндү райондук комиссияга тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү 6.12.2024 №01-12/3227 сандуу чыгыш катынын негизинде айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайдын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I биринчи) шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мунапыска кирген Арал айылындагы Чоң-Терек, ЛСП, Тескей, Токой-1, Токой -2, Атай айылынан Карл Маркс участкасынан тиешелүү документтери даяр болгон 31 түтүндүн тизмеси бекитилсин.
2. Бекитилген 31 түтүндүн тизмесин райондук комиссияга берүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |