Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХIХ
чакырылышынын 3-сессиясынын
2025-жылдын 24-январындагы № 21
Кызыл-Суу айылына шаар статусун берүү жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндөгү” 2008-жылдын 25-апрель айындагы №65 Мыйзамынын 6,13-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Иманбаевдин сунушун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.КызылСуу айылынын калкынын саны 15572 адамды түзгөндүктөн райондук маанидеги шаар статусун алуу“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндөгү” мыйзамынын 11,12-беренесине ылайып Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2.Райондук маанидеги шаар статусун алуу максатында дыкат талдоо жүргүзүп, оң жана терс жактарын аныктап, зарыл болгон учурда тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кенешинин төрагасынын орун басары Э.Асаналиевге тапшырылат.
Төрайым Г.Чыныбаева