Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХIХ
чакырылышынын 3-сессиясы
2025-жылдын 24-январындагы №22
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын
11-декабрындагы №10/5832 каты боюнча Кызыл-Суу айылындагы
«Кыргыз автобекети» муниципалдык менчике
өткөрүп алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 11-декабрындагы №10/5832 каты боюнча Кызыл-Суу айылындагы «Кыргыз автобекети» муниципалдык менчике өткөрүп алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин сунушун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 11-декабрындагы №10/5832 каты боюнча Кызыл-Суу айылындагы «Кыргыз автобекети» муниципалдык менчике өткөрүп алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин сунушу эске алынсын.
2.КызылСуу айылындагы «Кыргыз автобекети» муниципалдык менчике өткөрүп алуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Миңбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева