Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин XXIX
чакырылышынын 3-сессиясы
2025-жылдын 24-январындагы №23
2025-жылга Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджети, 2026-2027-жылдарга
бюджеттин долбоору жөнүндө.
Кызыл-Суу жергиликтүү Кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча комитетинин төрагасы С.Мадамбековдун жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча маалыматтарын угуп, комитеттин чечими менен таанышып жана талкуулап ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2025–жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине Республикалык бюджети жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 12-декабрындагы №2616-VII токтомун жетекчиликке алып, жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.2025-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер боюнча 176037,3 миң сом көлөмүндө жана чыгымдар боюнча 176037,3 миң сом көлөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттин 2025-жылы каржылануучу чыгымдардын көлөмү 169311,3 миң сом көлөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттарынын 2025-жылы каржылануучу чыгымдардын көлөмү 6726,0 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин:
4.1.Айыл өкмөтүнүн аппаратынын негизги 18 кызматкерлери жана контракттык негиздеги 12 кызматкер, баардыгы 30 (отуз) штат бирдиги 780683 (жети жүз сексен миң алты жүз сексен үч) сомдук айлык акысы менен бекитилсин.
4.2.Кызыл-Суу жергиликтүү Кенешинин 3 (үч) штат бирдиги 85679 (сексен беш миң алты жүз жетимиш тогуз) сомдук айлык акысы менен бекитилсин.
4.3.Кызыл-Суу айылдык маданият үйүнүн 6 (алты) штаттык бирдиги 65859 (алтымыш беш миң сегиз жүз элүү тогуз) сомдук айлык акысы менен, Жалгыз-Өрүк айылдык клубунун 2 (эки) штаттык бирдиги 22105 ( жыйырма эки миң бир жүз беш) сомдук айлык акысы менен, Саруу айылдык маданият үйүнүн 4 (төрт) штат бирдиги 49315 (кырк тогуз миң үч жүз он беш) сомдук айлык акысы, баардыгы 12 штаттык бирдиги 137280 сом айлык акысы менен бекитилсин.
4.4.Жалгыз-Өрүк айылындагы айылдык китепкананын кызматкерлеринин 3 (үч) штаттык бирдиги 32158 (отуз эки миң бир жүз элүү сегиз) сомдук айлык акысы менен жана Саруу айылдык китепканасынын 2 (эки) штаттык бирдиги 26625 (жыйырма алты миң алты жүз жыйырма беш) сомдук, баардыгы айылдык китепканалардын 5 (беш) штаттык бирдиги 58784 ( элүү сегиз миң жети жүз сексен төрт) сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
4.5.а) Д.Токтомушев атындагы спорттук компекстин 8 (сегиз) штаттык бирдиги 89514 (сексен тогуз миң беш жүз он төрт) сомдук айлык акысы менен;
б) “Факел” жаштар борборунун 2 (эки) штаттык бирдиги 19008 (он тогуз миң сегиз) сомдук айлык акысы менен;
в) Саруу айылындагы А.Сартов атындагы спорттук комплексинин 3 (үч) штаттык бирдиги 29708 (жыйырма тогуз миң жети жүз сегиз) сомдук айлык акысы менен, баардыгы спорт тармагы боюнча, 13 (он үч) штаттык бирдиги 138230 (бир жүз отуз сегиз миң эки жүз отуз) сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
4.6.Жалгыз-Өрүк айылындагы ФАПтын сакчысынын 1 (бир) штат бирдиги 7040 (жети миң кырк) сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
4.7.Кайнар, Кирпичный, Пристань айылдарынын Кызыл-Суу айылындагы мектептерге окуучуларды ташыган автобустун, 2 кичи автобустун айдоочуларынын 3 (үч) штат бирдиги 33792 (отуз үч миң жети жүз токсон эки) сомдук айлык акысы менен жана Кайнар бала бакчасынын кароолчусунун 1 (бир) штат бирдиги 7040 (жети миң кырк) сомдук, баардыгы 4 (төрт) штат бирдиги 40892 сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
5.Жууку айылынан жана Санаторий айылынан окуучуларды Кызыл-Суу жана Саруу айылындагы мектептерге ташып турууга автотранспорт жетишпегендиктен 2025-жылдын бюджетине кошумча транспорт менен ташуу кызматы үчүн атайын акча каражаты каралып бекитилип берилсин.
6.2026-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер боюнча 181613,4 миң сом өлчөмүндө жана чыгымдар боюнча 181613,4 миң сом өлчөмүндө №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.2027-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер боюнча 202162,4 миң сом өлчөмүндө жана чыгымдар боюнча 202162,4 миң сом өлчөмүндө №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8.2024-жылда төлөнбөй калган карыздарды 2025-жылдын бюджетине каралган чыгымдардын чегинде төлөө жүргүзүү жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондго чегерүүлөргө ж.б. корголгон (защищенный) статьяларга жумшалсын.
9.Айыл өкмөтүнө бюджеттеги каралган кирешелерди жана чыгымдарды толук аткарууга багытталган иш-чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруу милдеттендирилсин. 2025-жылы бюджеттен каржылоодон түшкөн киришелердин көлөмүндө чегерүүлөрү жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондго чегерүүлөрдү тамак-ашка жана женилдиктерге каралган чыгымдарды каржылоого жумшалсын.
10.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казналыктан тышкары пайдаланууга каражаттар тиешелүү денгээлдеги бюджеттерге алынаарын бекитилсин.
11.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга накталай жүргүртүлүүчү акча каражаты 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
12.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн карамагындагы Кызыл-Суу айылындагы жана Саруу айылындагы участкалык милиция кызматкерлеринин кызматтык автоунааларына 2025-жылга 1200 литр күйүүчү май жана автотетиктерди сатып алуу чыгымдарын 2025-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин чыгымдар бөлүмүнүн 70111 “Айыл өкмөтүнүн аппараты” бөлүмү аркылуу жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
13.Айыл аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын утурумдук ремонт иштерин июнь-июль айланында бүткөргүдөй кылып тиешелүү тендерлерди өткөрүү жана өз убагында кечиктирбей акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге милдеттендирилсин.
14.Айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу маселелери боюнча башкы адиси Б.Миңбаевке райондук “Кадастр” башкармалыгы менен бирдикте кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттары 2025-жылдын 1-июнуна карата такталып, түзүлгөн келишимдер инвентаризацияланып, тиешелүү маалыматтар айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшырууга милдеттендирилсин.
15.Муниципалдык менчиктерди тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана аны эффективдүү пайдалануу, айыл ичиндеги жерлерди 2025-жылдын 1-майына карата инвентаризациялап, аукцион аркылуу сатыкка коюу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
16.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жагы жана Юстиция Министрилиги тарабынан ченемдик укутук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү жергиликтүү Кенешинин жоопту катчысы А.Ташбаевага тапшырылсын.
17.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы жергиликтүү Кенештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комитетинин төрагасы С.Мадамбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
18.Токтом 2025-жылдын “1” январынан тартып күчүнө кирет.
Төрайым Г.Чыныбаева