Загрузка документа…
КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каркыра айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 5- сессиясы
2025 жылдын 7-февралындагы № 30
Каркыра айыл аймагында бодо малдарга, майда жандыктарга жайыт акыларын, чөп чабыш аянттарын пайдалангандар жана чабыш жерлерди коругандар үчүн акыларды, жайыт жерлеринен туризм жана коммерциялык багытта пайдалангандар үчүн акыларды бекитүү жөнүндө
Каркыра айыл өкмөтүнүн жайыт адисинин кайрылуусун жана ошондой эле маалыматын угуп, талкуулап Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Каркыра айыл аймагы боюнча жайыт акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Жылкы (бир башына) – 100 (жүз) сом
- Уй (бир башына) – 100 (жүз) сом
- Кой (бир башына) – 25 (жыйырма беш) сом
2. Чөп чабыш 1 га – 1000 (бир миң сом) сом
- Корулган чабыш 1 га – 5000 (үч миң) сом
3. Жайыт жеринен сезондук мезгил үчүн туризм жана коммерция багытына
0,10 га - 15000 (он миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы
жана жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Абдылда у.Т.