Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 25-декабры №17
« Атай айыл аймагына караштуу ээси жок, бош жаткан жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө»
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Атай айыл аймагына караштуу ээси жок, бош жаткан жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүү жонүндөгү 6.12.2024 №01-12/3227 сандуу чыгыш катынын негизинде айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайдын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I биринчи) шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнө караштуу баланста турган документи жок жерлерди документти бүтүрүү менен муниципалдык менчикке өткөрүлсүн.
2. Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тарабынан тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, мыйзамдаштыруу жана жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Тогуз-Торо филиалынан каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |