Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 3-ноябры № 672-т

 

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда "Digital CASA - Кыргыз Республикасы долбоорун кошумча каржылоо" долбооруна кредиттик каржылоону бөлүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга расмий делегациянын башчысына, ал жок учурда расмий делегациянын башчысынын орун басарына ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда "Digital CASA - Кыргыз Республикасы долбоорун кошумча каржылоо" долбооруна кредиттик каржылоону бөлүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ

Кутнаева Нурия Асылбековна

-

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри, расмий делегациянын башчысы;

Кожомуратов Замирбек Кубанычович

-

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары.

Расмий делегациянын мүчөлөрү:

Масабиров Талайбек Айтмаматович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Аскарова Зарема Аликовна

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары;

Абдрахманов Канат Жаныбекович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Татиков Руслан Сатылганович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Атаханов Авазбек Койлубаевич

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.