Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылынын 25-декабры №18
« Арал айылындагы “Эски стадиондун” күн чыгыш тарабындагы, Б.Жанкорозовдун жеринин түндүк -батыш тарабындагы Колбоор суусунун жээгиндеги бош 0,15 га жерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө »
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Каттообековдун “Эски стадион” аталып келген 0,84 га жер тилкесине чектеш жайгашкан 0,15 га жер аянтын кошуп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I биринчи) шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы “Эски стадиондун” күн чыгыш тарабындагы, Б.Жанкорозовдун жеринин түндүк -батыш тарабындагы Колбоор суусунун жээгиндеги бош 0,15 га жер муниципалдык менчикке өткөрүлсүн
2. Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тарабынан тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, мыйзамдаштыруу жана жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Тогуз-Торо филиалынан каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайга тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |