Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 1-чакырылышынын кезексиз
4-сессиясы
2025-жылдын 6-февралындагы № _13___
Айыл аймактагы жайыттар комитетинин аткарган иштери жана
2025-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик - аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде төрт айыл аймагы (Ак-Булуң, Ак-Чий, Боз-Учук, Жыргалан) бириктирилип Хан-Тенири айыл аймагы түзүлдү. Айыл аймактарда мурда жайыттар комитетинде иштегендер 2024-жылы өз алдынча иштешти. 2024-жылдын август айында “Хан-Теңири-тазалык” муниципалдык ишканасы кайра каттоодон өтүп, Уставында жайыттар комитети дагы муниципалдык ишкананын курамында иш алып бара тургандыгы белгиленген. Муниципалдык ишкана он айылды тейлей тургандан кийин анын курамындагы жайыт боюнча иш алып баруучулар дагы он айылдын жайытын карап, жайыт билетин берип, малчыларды алыскы жайыттарга көчүрүп иш алып барышат. Мурдагы айыл аймактардагы жайыттар комитетинин 2024-жылы жүргузгөн иштеринин маалыматын угуп жана жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап чыгып талкуулап Хан-Тенири айылдык кенеши токтом кылат:
1. Мурдагы аймактардын жайыттар комитетинин 2024-жылы жүргүзгөн иштери эске алынсын.
2. 2025-жылдан баштап жайыттар комитети “Хан-Теңири-тазалык” муниципалдык ишканасынын курамында 3 кызматкерден турган структурасы бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)
3. “Хан-Теңири-тазалык” муниципалдык ишканасынын курамындагы жайыттар комитетинин 2025-жылга иш-планы бекитилсин.
4. Хан-Теңири айыл аймагындагы 2025- 2029-жылдарга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүү планы бекитилсин.
-сырт өрөөнүндөгү алыскы жайыттарды тактоо иштери;
- малчыларды сыртка көчүрүү үчүн маршруттарды иштеп чыгуу жайыттар комитетине милдеттендирилсин.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков