Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 1-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 6-февралындагы № _14____
Хан-Тенири айыл аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана
эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №388/1 Буйругун жана жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап чыгып, талкуулап Хан-Тенири айылдык кенеши токтом кылат:
1. Хан-Тенири айыл аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар, маалыматтык, жарнамалык
конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери бекитилсин (тиркелет).
2. Эрежелер боюнча иш алып баруу Хан-Теңири айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков