Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 30-декабры №3/3
« Д.Садырбаев айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптардын (Дизайн код) эрежелери боюнча бекитүү жөнүндө»
Д.Садырбаев айыл аймагындагы имараттарга жана курулмаларга маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-,34-беренелерине, “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Д.Садырбаев айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1.Д.Садырбаев айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптардын (Дизайн код) эрежелери боюнча бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар жана эрежелер Д.Садырбаев айыл аймагында аткарууга алынсын жана Ноокен райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барылсын.
3.Токтомду Нокен райондук мамлекеттик администрациясынын www.sadyrbaev.gov.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай , таза суу, комуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Тешебаев |