Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 1-чакырылышынын кезексиз
4-сессиясы
2025-жылдын 6-февралындагы № __15___
Хан-Тенири айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону” жетекчиликке алып жана жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап чыгып, талкуулап Хан-Тенири айылдык кенеши токтом кылат:
1. Хан-Тенири айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Жобо боюнча иш алып баруу Хан-Теңири айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков