Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III-сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 1
Бирлик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга бюджетин бекитүү жана 2026-2027 жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияда каралып, талкуулангандыгын эске алып, каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи Ө. Шералиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин аткарылышы киреше бөлүгү 23578,1 миң сом, чыгашалар бөлүгү 24209,8 миң сом өлчөмүндө аткарылган отчёту жактырылсын.
2.Бирлик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 34107,6 миң сом өлчөмүндө №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет)
3.Бирлик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 34107,6 миң сом өлчөмүндө №2-тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2-тиркеме тиркелет)
4.Бирлик айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен долбоор 2026-жылга кирешелер жана чыгашалар 35141,8 миң сом өлчөмүндө №3-тиркемеге ылайык, 2027-жылга кирешелер жана чыгашалар 36444,8 миң сом өлчөмүндө №4-тиркемеге ылайык жактырылсын. (№3-4-тиркемелер тиркелет)
5.2025-жылдын жыл башына карата бюджеттик эсеп счётунда 168212 сом, акча каражаты калдык калганына байланыштуу тиркемеге ылайык бюджеттик сметага киргизилсин. (№5-тиркеме тиркелет)
6.2025-жылдын жыл башына карата атайын эсеп счётунда 267800 сом, акча каражаты калдык калганына байланыштуу тиркемеге ылайык бюджеттик сметага киргизилсин. (№ 6-тиркеме тиркелет)
7.Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык кызмат беренелерине) жүргүзүлсүн.
8.Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же көбөйүшү мүмкүн.
9.Бирлик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жылдык бюджети, 2025-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Г.Гафуров |