Загрузка документа…
ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-январындагы №3/10
Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кадыралы айылына спорт зал куруу үчүн
жер бөлүп берүү жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтү А.С. Мыктыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кадыралы айылынан спорт зал куруу үчүн жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: |
| Г. Бегимкулова |