Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III-сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 3
Сырт айылындагы “Чабалекей” бала бакчага от казан, көмүр кана жана айланасын тосуу жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын Сырт айылындагы “Чабалекей”бала бакчага от казан, көмүр кана жана айланасын тосуу жөнүндө Бирлик айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча адис А. Ибрагим уулунун кайрылуу катын карап чыгып, 2025-жылдын 17-январындагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №1 протоколунун негизинде Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын Сырт айылындагы “Чабалекей”бала бакчага от казан, көмүр кана жана айланасын тосуу үчүн 651 000 (алты жүз элүү бир миң) сом ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Абдикааровага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Г.Гафуров |