Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III-сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 7
Ормош айылында сугат суу чыгаруу үчүн скважинага акча каражатынажыратуу жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын Ормош айылында сугат суу чыгаруу үчүн скважинажөнүндө Бирлик айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча адис А. Ибрагим уулунун кайрылуу катын карап чыгып, 2025-жылдын 17-январындагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №1 протоколунун негизинде Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын Ормош айылында сугат суу чыгаруу үчүн скважинага 500 000 (беш жүз миң) сом ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Абдикааровага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Г.Гафуров |