Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III-сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 8
Эшме айылына балдар аянтчасын куруу жана мектепке чейинки негизги жолду жарыктандыруу үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын Эшме айылына балдар аянтчасын куруу жана мектепке чейинки негизги жолду жарыктандыруужөнүндө Бирлик айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча адис А. Ибрагим уулунун кайрылуу катын карап чыгып, 2025-жылдын 17-январындагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №1 протоколунун негизинде Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын Эшме айылына балдар аянтчасын куруу жана мектепке чейинки негизги жолду жарыктандырууга 800 000 (сегиз жүз миң) сом ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Абдикааровага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Г.Гафуров |