Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезекcиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 18
Суу-Башы айыл аймагынан жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-январындагы №32 сандуу катынын жана Суу-Башы айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 13-январындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек жана Жаңы-Жер айылдарынын элдерини ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында, Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн №1692-контурунда жайгашкан 1,16 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынын ичиндеги “Жайыт” түрүнөн “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап, муниципалдык менчикке алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган жер аянтынын ичинен 0,50 га жер аянтын, Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чек жана Жаңы-Жер айылдарынын элдерини ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында пайдаланууга макулдук берилсин.
4. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |