Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезекcиз III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 19
Суу-Башы айыл аймагынан социалдык комплекс куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 27-январындагы №40 сандуу катынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын Андрей жаны конушуна мурдагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы №15 сандуу чыккан токтомунда, мектеп имаратын куруу үчүн көрсөтүлгөн 2,61 га жер аянтынын ичинен, социалдык комплекс куруу үчүн 0,32 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |