Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-январы №10
Исхак-Полотхан айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-январындагы кезектеги 3-сессиясына сунушталган Исхак-Полотхай айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысынын баштапкы өлчөмдөрүн көтөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылыт:
1. Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл чарбажерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысынын өлчөмдөрү төмөнкүдөй бекитилсин.
-Айдоо сугат категориясындагы курдуулугу жакшы сууга жакын 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 3500 сом;
- Айдоо сугат категориясындагы курдуулугу жана сууга орто 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 2500 сом;
- Айдоо сугат категориясындагы курдуулугу начар суудан алыс бош жаткан 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 2000 сом;
-Бак категориясындагы 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 5000 сом;
- Айдоо кайрак категориясындагы 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 2200 сом;
- Чөп чабынды категориясындагы 1,0 га жер аянтынын бир жылдык ижара акысынын баштапкы өлчөмү 2000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомду жетекчилике алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамасалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарба мамалекттик фондунун жерлерин башкаруу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г.Матажиев |