Редакцияот 23.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги 3-сессиясы

 

2025-жылдын 23-январы №11

            Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Ак-Өргө айылынын түштүк батыш тарабынан 500,0 га жер аянты “Айыл чарба” категориясынан “Калктуу конуштардын” категориясына которулуп жаткан жер аянтты турак жайга берүүгө, чектик өлчөмүн бекитүү жөнүндө.

 

            Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясына сунушталган, Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлу №145 Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын жана КР Министрлер Кабинетинин 04.11.2024 №665 токтомуна негиз жана  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.     Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Ак-Өргө айылынын түштүк батыш тарабынан №543-контурундагы 12,1 га, №558-контурундагы 80,4 га, №557-контурундагы 19,5 га, №553-контурундагы 136,3 га, №549-контурундагы 115,5 га жана №548-контурундагы 136,2 га жалпы: 500,0 га жер аянтын  “Айыл чарба” категориясынан “ Калктуу конуштардын” категориясына которууга (трансформацияга) макулдук берилсин.

2.      500,0 га жер аянтынын 400,0 гектары турак жай куруу үчүн жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участокторун чектик өлчөмү 0,10 га деп аныкталсын, калган 100,0 га жер аянты мамлекеттик ипотекалык компаниясына көп кабаттуу үйлөрдү курууга  бөлүнүп берилсин.

 

3.     Токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамасалиевге милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык, ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.

 

 

           

 

Төрага

 

Г.Матажиев