Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Хан-Теңири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 1-чакырылышынын кезексиз
4-сессиясы
2025-жылдын 6-февралындагы № _16____
Хан-Тенири айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби
жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону” жетекчиликке алып жана жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап чыгып талкуулап Хан-Тенири айылдык кенеши токтом кылат:
1. Хан-Тенири айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Жобо боюнча иш алып баруу Хан-Теңири айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков