Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 30-декабры №3/5
« Айылдык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө »
2024-жылдын 12- декабрында өткөрүлгөн Д.Садырбаев айылдык кеңештин II сессияда түзүлгөн айылдык кеңештин регламенттин даярдоо боюнча убактылуу комиссиянын төрагасы С.Калмурзаевдын маалыматын угуп жана талкуулап Д.Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
- 2024-жылдын 5- апрелде Д.Садырбаев айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясында №1 токтом менен кабыл алынган айылдык кеңештин регламентинин 1- бөлүмү “Жалпы жоболор” 1.1 пунктундагы “73” депутат “31” депутат, “4” жылдык мөөнөткө “5” жылдык мөөнөткө деп өзгөртүлсүн жана 31-бөлүмүнүн 31,8 пунктуна кеңештин сессиясына төрт жолу “катары менен” жүйөлүү себептерсиз катышпаган деген сөз “жыл ичинде төрт жолудан ашык кеңештин жыйындарына” деген сөз менен алмаштырылсын
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Калмурзаев милдеттендирилсин.