Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 10-февралы № 36
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө
кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 209-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«209-берене. Мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартуу же талаптарын аткарбоо
Мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартуу же мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо -
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
2) 218-берененин экинчи абзацында «30» жана «130» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «280» деген цифраларга алмаштырылсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 2241-берене менен толукталсын:
«2241-берене. Уулуу өнөр жай калдыктарын жана өндүрүш менен керектөө калдыктарын сактоодо (жайгаштырууда), ташууда, пайдаланууда, зыянсыздандырууда жана көмүүдө экологиялык талаптарды бузуу
Уулуу өнөр жай калдыктарын жана өндүрүш менен керектөө калдыктарын сактоодо (жайгаштырууда), ташууда, пайдаланууда, зыянсыздандырууда жана көмүүдө экологиялык талаптарды бузуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
4) 25-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2271-берене менен толукталсын:
«2271-берене. Радиациялык коопсуздук боюнча эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды жана башка талаптарды бузуу
Радиациялык коопсуздук боюнча эрежелерди, ченемдерди, нускамаларды жана башка талаптарды бузуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
5) 235-берененин экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 2361-берене менен толукталсын:
«2361-берене. Айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгарууну жүзөгө ашыруунун тартибин бузуу
Айлана-чөйрөгө агынды сууларды чыгарууну жүзөгө ашыруунун тартибин бузуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
7) төмөнкүдөй мазмундагы 2391-берене менен толукталсын:
«2391-берене. Бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча талаптарды бузуу
Бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча талаптарды бузуу же көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарбоо -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
8) 243-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында «75» жана «230» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «500» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктүн экинчи абзацында «75» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «130» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
д) 5-бөлүктүн экинчи абзацында «100» жана «280» деген цифралар тиешелүү түрдө «200» жана «550» деген цифраларга алмаштырылсын;
е) 6-бөлүктүн экинчи абзацында «175» жана «550» деген цифралар тиешелүү түрдө «200» жана «650» деген цифраларга алмаштырылсын;
9) 244-берененин экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
10) төмөнкүдөй мазмундагы 2451 – 2453-беренелер менен толукталсын:
«2451-берене. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды бербөө, жашыруу же бурмалоо
Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө, ошондой эле аны булгоонун булактары жана көлөмдөрү жөнүндө маалыматты бербөө, жашыруу же бурмалоо, калдыктарды жайгаштыруу, булгоочу заттарды ченемден ашыкча чыгаруу жана таштоо жөнүндө фактыларды жашыруу же зыяндуу экологиялык кесепеттерге алып келген авариялар жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн булгоонун деңгээли жөнүндө маалыматты бурмалоо -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2452-берене. Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө булгоочу заттарды чыгаруу (таштоо), калдыктарды жайгаштыруу, жаратылыш чөйрөсүнө уруксатсыз физикалык жана башка зыяндуу таасир этүү
Курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө булгоочу заттарды чыгаруу (таштоо), калдыктарды жайгаштыруу, жаратылыш чөйрөсүнө уруксатсыз физикалык жана башка зыяндуу таасир этүү -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2453-берене. Жаратылыш ресурстарын уруксатсыз пайдалануу
Пайдалануу укугуна лицензия болгон учурлардан тышкары, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдардын уруксаты жок жаратылыш ресурстарын уруксатсыз пайдаланганы, булгоочу заттарды чыгаргандыгы (таштагандыгы) үчүн төлөмдөрдү төлөбөө -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
11) 250-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«250-берене. Сууну бөлүштүрүү, суу ресурстарын алуу эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу
1. Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу, ошондой эле өнөр жай муктаждыктары үчүн жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын алуусу үчүн белгиленген суу бөлүштүрүү эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу, ошондой эле өнөр жай муктаждыктары үчүн жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын алуусу үчүн суу жеткирүү кызматтарына суу пайдалануучунун өз убагында төлөө боюнча милдеттерди аткарбоосу жана/же төлөөдөн качуусу -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды суу пайдалануучунун мыйзамдарга ылайык белгиленген тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз өз алдынча пайдалануусу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 290 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Суу пайдалануучунун суу пайдалануунун көлөмүн суу жеткирүүчүнүн уруксат берген көлөмүнөн ашыруусу -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
12) 254-берененин экинчи абзацында «30» жана «130» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «280» деген цифраларга алмаштырылсын;
13) 259-берененин экинчи абзацында «100» жана «280» деген цифралар тиешелүү түрдө «200» жана «550» деген цифраларга алмаштырылсын;
14) 260-берененин экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «170» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
15) 264-берененин экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
16) 274-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында «150» жана «450» деген цифралар тиешелүү түрдө «200» жана «500»деген цифраларга алмаштырылсын;
17) төмөнкүдөй мазмундагы 2742 жана 2743-беренелер менен толукталсын:
«2742-берене. Мунай заттарын кабыл алуу, сактоо, май куюуга берүүгө даярдоо жана сапатын контролдоо эрежелерин бузуу
Мунай заттарын кабыл алуу, сактоо, май куюуга берүүгө даярдоо жана сапатын контролдоо эрежелерин бузуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2743-берене. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу
1. Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле жосун -
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
18) 275-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
19) 276-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында «55» жана «170» деген цифралар тиешелүү түрдө «100» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында «75» жана «230» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «400» деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацында «100» жана «280» деген цифралар тиешелүү түрдө «150» жана «350» деген цифраларга алмаштырылсын;
20) 457-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«457-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо, жер казынасын пайдалануу, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган
Айлана-чөйрөнү коргоо, жер казынасын пайдалануу, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 115, 122, 159, 203-213, 2131, 2132, 217, 218, 223-224, 2241, 225-227, 2271, 229-236, 2361, 237, 239, 2391, 240, 243-245, 2451-2453, 253-268, 274, 2742, 2743, 275, 276-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.»;
21) 459-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«459-берене. Энергетикалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган
Энергетикалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 116-118, 120, 121, 180, 202, 269, 277-281, 385, 386, 394-396-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын көрөт.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 11 (3667) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 25-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |