Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 30-декабры №3/6
« Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын таштанды
чыгаруу боюнча тарифин бекитүү »
Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын 28.12.2024-жылдагы чыгыш № 33 катынын негизинде бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Макамбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Д.Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Макамбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын 28.12.2024-жылдын №33 катынын негизинде 2025-жылга карата төмөнкүдөй тартипте бекитилсин :
- таштандылар үчүн жергиликтүү бюджеттен субсидия 30 (отуз ) сом,
- жергиликтүү калктын ар бир жараны 34 ( отуз төрт) сом өлчөмүндө,
3. Д.Садырбаев айыл аймагындагы чарба субьектеринин менчигинин түрүнө карабастан сатуудан алынуучу салыксыз кызмат көрсөтүүлөр тарифи чарба субьектилери үчүн үй тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу 1м3 таштандыга 664 сом, жайгаштырууга 47 сом болуп жалпысы 711 сом бекитилсин.
4. Ноокен райондук борбордук паркынын алдындагы скважинадан таза суу алган суу ташуучулар электр энергияга, коолдун эмгек акысы үчүн ар бир машинага 50 (элүү) сомдон белгиленсин.
5.Токтомду аткаруу жана жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Масы-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Макамбаевге милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
Төрага: | А.Тешебаев |