Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №2
Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 19-апрелиндеги №3/2 “Учкун айыл аймагынын Куланак айылына, Куланак милиция бөлүмүн курууга муниципалдык менчиктеги жер аянтын берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Учкун айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-апрелиндеги №3/2 “Учкун айыл аймагынын Куланак айылына, Куланак милиция бөлүмүн курууга муниципалдык менчиктеги жер аянтын берүүгө макулдук берүү жөнүндө” Токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-пункттундагы “900 чарчы метр” деген цифра жана сөздөр “жалпы 0,0899 га” деген сөз жана цифра менен алмаштырылсын;
- токтомдун 2-пунктунун сүйлөмүнүн аягындагы “жер аянтын” деген сөздөрдөн кийин “Касымалы ажы көчөсү №48/1,бирдейлештирилген коду 4050510010690 имаратын Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн балансына ,капиталдык курулуш иштерин жүргүзүүгө мөөнөтсүз жана акысыз өткөрүп “деген сөздөр менен толукталсын
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына токтомдон келип чыгуучу тиешелүү аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыштар, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.
5. Токтом айыл аймактын сайтында расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Б. Кайыпов |