Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 20-январы № 22-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 766 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн "Базальт булалары жана материалдары" мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында:
- Амангельдиев Данияр Джолдошевич, Усенбекова Айнура Доктурбаевна, Эсенгулов Мирбек Өмүрбекович чыгарылсын;
- Сыдыков Бакыт Толомушевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, Канаев Байэл Жамшитбекович - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетика башкармалыгынын жетектөөчү адиси киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |