Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 30-декабры №3/7
« Масы Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси
О.Макамбаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө »
Масы Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Макамбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Д.Садырбаев айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Масы Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси О.Макамбаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Масы айыл аймагындагы Кызыл-кыштак, Эски-Масы, Тоскоол-Ата, Шыңгыма айылдарындагы окуучуларды мектепке ташып алып келүүчү айдоочунун эмгек маянасы 25000 (жыйырма беш миң сом) өлчөмүндө бекитилсин.
3. Күйүүчү майдын кымбаттагандыгына байланыштуу ата энелери тарабынан бир балага төлөм акчасы 300 (үч жүз сом) өлчөмүндө белгиленсин.
4. Эгерде бир үй-бүлөдө 4 баладан жогору болгон үй-бүлө 3 балага ылайык төлөнөөрү эске алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Д.Садыбаев айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Тешебаев |