Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №4
Токтому менен бекитилген “Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жж. социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын алымча-кошумчасы менен бекитип берүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330 буйругу менен бекитилген Типтүү регламенттин 32.2 пунктуна ылайык Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Учкун айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясынын № 6 “Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жж. социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын алымча-кошумчасы менен бекитип берүү жөнүндө” Токтомунун тиркемесине БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча долбоорлорунун негизинде толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Программанын таблицасы төмөндөгүдөй редакциядагы 27 пункт менен толукталсын:
№ | Сунушталуучу чаралар/аракеттер | Ишке ашырылуу мөөнөттөрү | |
Кыска мөөнөттүү мезгил 2025- 2026-ж.ж. | Узак мөөнөттүү мезгил 2027-2029-ж.ж. | ||
1 | 2 | 3 | 4 |
27 | Климаттык туруктуулукту коргоо кампаниясын (Жашыл Мурас) ишке ашыруунун алкагында мектеп окуучуларын, айыл аймактарынын жергиликтүү калкын тартуу аркылуу токой өстүрүү аймактарды жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерин көбөйтүү боюнча чараларды ишке ашыруу |
|
|
Күтүлгөн натыйжалар | Аткаруучу-лар | Керектелүүчү акча каражаттары, миң сом (болжолдуу) | Сунушталган каржылоо булактары |
|
| ||||
5 | 6 | 7 | 8 |
|
Климаттык туруктуулукту коргоо кампаниясын (Жашыл Мурас) ишке ашыруунун алкагында айыл аймакта токой өстүрүү аймактары 5 - 8 га чейин көбөйдү; - Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана аларга ыңгайлашуу максатында токойлордун экосистемалык функцияларын күчөтүү; - Табигый-климаттык мүнөздөгү кырсыктардан, анын ичинде селдерден, ташкындардан коргоону, шамалдын ылдамдыгын төмөндөтүүнү, эрозиядан,чаң бороондорунан, ысык абанын жана кургакчылыктын толкундарынын кесспеттеринен коргонууну күчөтүү | Айыл өкмөт | 5000,0 | донорлор |
|
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чараларды алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом айыл аймактын сайтында расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Б. Кайыпов |