Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (IХ-чакырылышынын) кезексиз V-сессиясы
2025-жылынын 15-январынын №5/1
« Көк-Жаңгак шаарына милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө »
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 2025 жылдын 15 январындагы №01-6/94 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 15.01.2024ж. протоколунун негизинде, Көк-Жаңгак шаарына милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратын куруу үчүн шаардын Атаханов көчөсүндөгү эски военкоматтын 0,08га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө угуп, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Атаханов көчөсүндөгү эски военкоматынын имараты менен 0,08га жер аянты Көк-Жаңгак шаарына милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин балансынан Атаханов көчөсүндөгү эски военкоматынын имараты менен 0,08га жер аянты чыгарылсын.
3. Шаардагы Атаханов көчөсүндөгү эски военкоматынын имараты менен 0,08га жер аянты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына өткөзүп берүү жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | Исмаилов Б.М. |