Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин 3-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 12-февралы №5
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин 23-июль 2024-жылдагы №4 “Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасынын Нарын дарыясы тарабынан №279, №286, №291, №432 контурларындагы жалпы 43,04 га жер аянтына калктуу конуштуу категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык Учкун айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Учкун айылдык кеңешинин 23-июль 2024-жылдагы №4 “Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасынын Нарын дарыясы тарабынан №279, №286, №291, №432 контурларындагы жалпы 43,04 га жер аянтына калктуу конуштуу категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы “Учкун айыл өкмөтүнө” деген сөздөр “Учкун айыл аймагына” деген сөздөргө, “аянтына” деген сөз “аянтын” деген сөзгө, “конуштуу” деген сөз “конуштун жерлери” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- токтомдун 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Учкун айыл аймагына караштуу Көк-Жар участкасынын Нарын дарыясы тарабынан №279 – 30,1 га, №286 – 0,04 га, №291 – 2,5 га, №324 – 10,4 га, контурларындагы жалпы – 43.04 га аянтын “калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.”.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына токтомдон келип чыгуучу тиешелүү аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыштар, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.
5. Токтом айыл аймактын сайтында расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Б. Кайыпов |