Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 6-ноябры № 713-т
Кыргыз Республикасында генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-1-статьясына, "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 10-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17
-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 592-т тескемеси менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Молин Энерджи Инвестмент Компани Лимитед" (Molin Energy Investment Company Limited) компаниясынын ортосундагы Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |