Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-февралы № 72
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун
Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагында жайгашкан
жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер"
категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун,
байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери
жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу
(трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын № 2027 аскердик бөлүгү үчүн жаңы застава куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 13-мартындагы № 04-01/1271 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагында № 165 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 1,0 га сугат айдоо жер участогу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын № 2027 аскердик бөлүгүнө жаңы застава куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) көрсөтүлгөн жер участогунда казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону;
6) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 13 (3669) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |