Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-декабрындагы №15
Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.М.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. ЖКХнын 3112 беренесинен 359,7 миӊ сомдон Ак-Терек айыл аймагына караштуу ХОВО автомашиналарынын ремотунун тетиктери үчүн ЖКХнын 2214 беренесине 159,7 миӊ сом, 100,0 миӊ сом спринтер кичи автобусунун ремонтунун тетиктери үчүн жана Р.Жангазиев орто мектебинин аянтын түздѳѳ үчүн соляркага 100, миӊ сом баардыгы 2214 беренесине 359,7 миӊ сом жылдырылсын.
2. ЖКХнын 3112 беренесинен 454,0 миӊ сом Кара-Коо айылындагы К.Исаков атындагы маданият үйүнүн жол жак тарабындагы эшик терезелерин пластик эшик терезелерге, эшигин темир эшике алмаштыруу үчүн клубдардын 3112 беренесине, К.Исаков атындагы маданият үйүнѳ материалдарды алууга 100,0 миӊ сом 2222 беренесине жылдырылсын.
З. ЖКХнын 3112 беренесинен каражатынан 473,0 миӊ сомдон Кѳл-Тѳр айылындагы Ж.Айтикеев атындагы орто мектебине ашканасына идиш алууга жана жылуулук системасына материалдарды алууга 30,0 миӊ сом мектептердин 2222 беренесине, Тогуз-Булак айылындагы үч сааттык бала бакчага электр жабдууларын алууга 44,0 миӊ сом, Кара-Коо айылындагы №8 бала бакчага материалдарды алууга 71,0 миӊ бала бакчалардын 2222 беренесине, Тогуз-Булак айылындагы үч сааттык бала бакчага телевизор, компьютер, принтер алууга 70,0 миӊ сом, Коӊур-Ѳлѳӊ айылындагы бала бакчага холодильник, компьютер принтер алууга 100,0 миӊ сом бала бакчалардын 3112 беренесине, Ж.Айтикеев орто мектебине холодильник алууга 30,0 миӊ сом, М.Жумаев орто мектебине генератор алууга 40,0 миӊ сом мектептердин 3112 беренесине, жаӊы жылдык балаты оюнчуктары менен алууга 88,0миӊ сом ЖКХнын 2222 беренесине жылдырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык
экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага Эркинбек уулу С.