Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №17
Ак-Терек айыл аймагынын 2025-жылга бюджети жана 2026-2027-жылдарга белгиленген болжолу жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын өкмөтүнүн 2025-жылга бюджети жана 2026-2027-жылдарга белгиленген болжолу жөнүндө маселе боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин докладын угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. 2025-жылга Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча баардыгы 38877,7 миӊ сом кѳлѳмүндѳ бекитилсин.
Анын ичинен кирешелер №1 тиркемеде кѳрсѳтүлгѳндѳй тѳмѳнкү булактардан түшүүсү каралсын.
№ 1-тиркеме
№ п/п | Кирешелердин түрлѳрү | План 2025-ж |
1 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 13036,5 |
2 | Патенттин негизинде салык | 212,7 |
3 | Кыймылсыз мүлккө салык | 68,5 |
4 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы | 1239,0 |
5 | Жанаша, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторуна мүлк салыгы | 576,4 |
6 | Айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы | 1031,8 |
7 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы | 1197,7 |
8 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым | 120,0 |
9 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 734,4 |
10 | Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин иштетүү үчүн ижара акысы | 871,8 |
11 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы | 1354,8 |
12 | Теңөөчү трансферттери | 1736,1 |
13 | Рояльти | 3,0 |
14 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы | 1200,0 |
15 | Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйым | 5,0 |
| Баары: | 38877,7 |
Ал эми чыгашалар №2 тиркемеге ылайык тѳмѳндѳгүдѳй болуусу белгиленсин:
1.Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн аппаратына 14850,2 миӊ сом
2.Билим берүү бѳлүмүнѳ, мектептерге 4455,4 миӊ сом
3. Бала бакчага 3614,9 миӊ сом
4.Клубдарга 6787,4 миӊ сом
5. Библиотекаларга 3469,8 миӊ сом
6.Турак жай чарбасына 4500,0 миӊ сом
Атайын каражаттын чыгашасы №3 тиркеменин негизинде бала бакчага 1200,0 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
Баардыгы: 38877,7 миӊ сом
2. 2025-жылга Республикалык бюджеттен алынуучу тендештирилүүчү гранттын кѳлѳмү 17226,1 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
Тендештирилүүчү грант айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн аппарат кызматкерлеринин жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысын тѳлѳѳгѳ, социалдык фондго чегерүүлѳрдү каржылоого, коммуналдык чыгымдарга жумшалышы бекитилсин.
3. Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу негизги кѳрсѳткүчтѳрү жактырылсын. 2026-жылга болжолдуу бюджети 40133,4 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ, 2027-жылга бюджеттин болжолдуу долбоору 42055,5 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ каралсын.
4. Жергиликтуу мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары бюджеттеги каралган кирешелерди жана чыгымдарды толук аткарууга багытталган иш чараларды ѳз убагында жүргүзүүгѳ милдеттендирилсин.
5. Чыгашалар 2025-жылы бюджеттен каржылоого түшкѳн кирешелердин чегиндеги кѳлѳмүндѳ жүргүзүүлѳрү жана биринчи кезекте эмгек акы тѳлѳѳгѳ, социалдык фондго чегерүүлѳргѳ, коммуналдык чыгымдарга жана сапардык чыгымдарды тѳлѳѳгѳ жумшалышы белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу