Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №18
2025-жылдын 1-январына карата Ак-Терек айыл аймагынын бюджетинде калган акча каражатын кароо жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата бюджетте калган 8156,9 миӊ сом акча каражатын бѳлүштүрүлүшү жөнүндөгү маселе боюнча, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын Кеӊеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы “Пансионат” участкасындагы салынган саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушунун 5% на аппараттын 3111 беренесине 87,5 миң сом, “Кыр-Таш” проектисинин экспертизасына 2215 беренесине 100,0 миӊ сом, Комсомол айылындагы бала бакчанын жеринин геологиялык изилдөөсүнө 2215 беренесине 74,9 миӊ сом, Көл-Төр айылындагы кичи футбол аянтчасынын жумуштарына 2215 беренесине 22,5 миң сом каралсын.
2. ЖКХга 2215 беренесине “Кыр-Таш” проектисинин калган акчасына 250,0 миң сом, ХОВО автомашинасынын ремонтунун тетиктерине 2214 беренесине 159,7 миң сом, спринтер кичи автобусунун ремонтунун тетиктерине 2214 беренесине 100,0 миң сом, эксковатор алууга 3112 беренесине 6430,0 миң сом каралсын.
3. Мектептерге генератор алууга 3112 беренесине 108,8 миң сом, К.Иманалиев орто мектебинин алдын брусчаткалоого 214,9 миӊ сом, экинчи этаждын жылуулук системасына жана терезелерине 500,0 миң сом баары 3111 беренесине 714,9 миң сом каралсын.
4. Бала бакчаларга Комсомол айылындагы бала бакчага компьютер, принтер, холодильник, стулдарды алууга 3112 беренесине 108,0 миң сом каралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу