Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №21
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентин
бекитүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентин бекитүү боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттары тарабынан жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнчатуруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап, алымча, кошумчалары менен Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламенти бекитилсин.
2. Кабыл алынган Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентиндеги талаптарды аткаруу боюнча жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнчатуруктуу комиссиянынтөрайымы А.Кендирбаевага милдеттендирилсин.
Төрага С. Эркинбек уулу