Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №22
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Асакеев Турсунбек Ѳмүрбековичке, Четинди айылында жайгашкан чоң атасынын 20 сот. уч. үйү 1991-жылы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ ѳтүп кеткендигине байланыштуу, кайра кайтарып берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Асакеев Турсунбек Ѳмүрбековичке, Четинди айылында жайгашкан чоң атасынын 20 сот. уч. үйү 1991-жылы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ ѳтүп кеткендигине байланыштуу, кайра кайтарып берүү боюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Асакеев Турсунбек Ѳмүрбековичке, Четинди айылында жайгашкан атасы туулуп ѳскѳн, чоң атасынын 20 сот. уч. үйү менен 1991-жылы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ ѳтүп кеткендигине байланыштуу, кайра кайтарып берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу