Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январындагы №24
Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу
“Кичи Жѳкѳтѳй Тоо” участогуна ЖЧК “Шор-Булак Гранит-Эки”
кендерин иштетүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу “Кичи Жѳкѳтѳй Тоо” участогуна ЖЧК “Шор-Булак Гранит-Эки” кендерин иштетүүгѳ макулдук берүү боюнча билдирүүсүнүн негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ысык-Кѳл облусунун, Тоӊ районунун Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу “Кичи Жѳкѳтѳй Тоо” участогуна ЖЧК “Шор-Булак Гранит-Эки” кендерин иштетүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу